
Йездегерд I аты «Кудай тарабынан жаратылган» деген маанини билдирет Персиянын шахиншахы болуп б.з. 399-жылы, анын мурункусу Бахрам IV өлтүрүлгөндөн кийин такка чыккан. Анын теги тууралуу тарыхчылар ортосунда пикир келишпестик бар: кээ бирлери аны Шапур IIнин, башкалары Шапур IIIдүн уулу дешет, бирок бул, балким, кийинчерээк падышалар менен чаташтыруудан келип чыккан болушу мүмкүн.
Йездегерд I башкаруусунун башынан тартып эле перс ак сөөктөрү менен катуу күрөш жүргүзгөн. V кылымга карата ири жер ээси жана зороастризмдин дин кызматчылары зор күчкө ээ болуп, бөлүнүүчүлүк маанай күчөгөн эле. Йездегерд I борбордук бийликти бекемдөө максатында падышага баш ийбеген аристократтарга каршы катуу жаза чараларын киргизген. Мусулман тарыхчыларынын айтымында, ал «барган сайын көбүрөөк кан төгүп», «улуу урууларды кырган» ырайымсыз деспот болгон дешет. Ушул саясатынан улам ага Базагар «Күнөөкөр» же «Каапыр» деген лакап тагылган.
Бирок христиан булактары тескерисинче, аны боорукер жана акылдуу башкаруучу катары сүрөттөйт. Бул айырмачылык Йездегерддин «тиран» образы анын бийлигин чектегиси келген аристократтардын жалаасы экенин көрсөтөт. Ошентсе да Йездегерд I ак сөөктөрдү толук жок кылган эмес ал жөн гана ишенимсиздерди жазалап, ордуна өзүнө берилген адамдарды койгон. Анын эң жакын өнөктөрүнүн бири знаттуу үй-бүлөдөн чыккан Михр-Нарсе болгон; ал шахка карата жумшактык көрсөтүүгө аракет кылганы айтылат.
Йездегерд I ак сөөктөр менен күрөшүндө христиандардан күтүлбөгөн союздаш тапкан. Шапур II сыяктуу катаал куугунтук жүргүзбөй, тескерисинче, аларга ырайым көрсөткөн. 409-жылы ал христиандарга ачык ишенимин карманууга, кыйратылган чиркөөлөрүн кайра курууга жана зороастр салтына каршы болсо да, өз маркумдарын жерге коюуга уруксат берген.
410-жылы Селевкия шаарында чиркөө кеңешин чакырып, аны Византиядан келген епископ Маруфа жетектеген. Кеңеш Никей ишенимин кабыл алып, чиркөөнүн түзүмүн реформа кылган Ктесифондо резиденциясы бар «католикос» кызматын негиздеген. Персиядагы христиандар өлкө ичинде эркин жүрүүгө жана сыйынуу аземдерин өткөрүүгө укук алышкан. Алар шахка ыраазычылыгын билдирип мындай деген: «Биздин боорукер Кудайыбыз Йездегерд падышанын атактуу жана жеңиштүү күндөрүн узартсын!»


Йездегерд I христиан жетекчилерине ишенип, аларга маанилүү тапшырмаларды берген. Католикос Ахай шах менен анын агасынын ортосундагы талашты жөнгө салган, ал эми анын мураскери Йэбэлах Византия императору Феодосий II менен сүйлөшүүлөргө жөнөтүлгөн. Бул саясат Иран менен Византия ортосундагы дипломатиялык көпүрө түзүп, Персиядагы чиркөөнүн кайра жанданышына өбөлгө түзгөн.
Бирок бийлигинин акырында Йездегерд I христиандарга болгон мамилесин өзгөрткөн. Бул, балким, зороастр дин кызматчылары менен элдешүү же христиандар жана Византия анын бийлигине жаңы коркунуч туудурабы деген кооптонуудан улам болгон. Кээ бир христиандар, мисалы, Суз шаарындагы епископ Авда, от ибадатканасын талкалап, аны кайра куруудан баш тарткан бул шахтын каарын туудурган. Натыйжада Йездегерд I христиандарга каршы кайрадан репрессия жүргүзгөн.

Анын доору Персия менен Византия ортосундагы сейрек кездешүүчү тынч мезгил менен белгилүү. Историк Прокопий Кесарийскийдин жазышынча, византиялык император Аркадий өлөөрүндө Йездегердди жаш уулу Феодосий IIнин камкорчусу кылып дайындаган, анткени Константинопольдогу ак сөөктөрдүн чыккынчылыгынан корккон. Прокопийдин айтымында, Йездегерд бул ишенимди актап, Феодосийди душмандарынан коргоп, эки мамлекеттин ортосундагы тынчтыкты сактаган. Бул маалымат талаштуу болсо да, көпчүлүк изилдөөчүлөр аны ыктымал деп эсептешет.

413–414-жылдары Иран менен Византия ортосунда тынчтык келишими түзүлүп, анда гунндардын чабуулдарынан коргонуу үчүн тоо өтмөктөрүнө чеп курууга биргелешип каражат бөлүү каралган. Бул алардын өз ара пайдалуу кызматташтыгын айгинелейт.
Армения менен болгон мамилелерде да Йездегерд I туруктуулукка умтулган. 414-жылы Армения падышасы Врамшапух каза болгондон кийин, ал Хосров IIIдү такка кайра отургузган, ал эми 416-жылы ал өлгөндө өз уулу Шапурду падыша кылып дайындаган. Бирок жергиликтүү ак сөөктөр жана эл аны душмандык менен кабыл алып, Шапур толук колдоо таба алган эмес.
Йездегерд Iдин өлүмү табышмактуу жагдайларда болгон. Ал Гурганга сапар учурунда «суу ат» деп аталган сыйкырдуу жылкынын туягы менен өлгөн делет. Бул уламыш, балким, анын өлтүрүлгөнүн жашыруу үчүн ак сөөктөр тарабынан чыгарылган. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, аристократтар жана зороастр дин кызматчыларынын шахка каршы уюштурган жашыруун кутумунун натыйжасында ал өлтүрүлгөн. Андан кийин ак сөөктөр Арменияда башкарган анын уулу Шапурду да өлтүрүп, Сасаниддердин башка бутагынан өкүлдү такка чыгарган.

21–22 жылга созулган Йездегерд Iдин башкаруусу Сасанид империясынын тарыхындагы маанилүү мезгил болуп калды. Ал борбордук бийликти чыңдоо жана христиандар менен тил табышуу аркылуу реформалар жүргүзүүгө аракет кылган, бирок акырында ички интригалардын курмандыгы болуп, өлкөдө кайрадан туруксуздук орун алган.



