
Тоётоми Хидэёси — жөнөкөй дыйкан үй-бүлөсүнөн чыгып, Япониянын өкүмдарына чейин көтөрүлгөнү дээрлик ишенгис көрүнгөн инсан. Ал 1536-жылы Овари провинциясында жарды үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы каза болгондон кийин, өгөй атасынын катаалдыгына чыдабаган жаш Хидэёси (андагы аты Киносита Токитиро) үйүнөн качып, самурай болууну чечет. Ал күчтүү Имагава уруусунун вассалы болгон самурай Мацусита Наганориге кызматка кирген.
Бирок 1554-жылы ал биринчи ээсин таштап, Ода Нобунагага өтөт да, эң төмөн даража сандал көтөрүүчү кызматтан баштайт. Акылы, эпчилдиги жана амбициясы менен Хидэёси тез көтөрүлөт. Анын алгачкы чоң иши — Нобунага сепилинин урап калган коргонун үч эле күндө калыбына келтириши. Бул иш Нобунаганын көңүлүн абдан буруп, Хидэёсини Киёсу сепилинин алдында жайгашкан шаарга башкаруучу кылып дайындайт.
1564-жылы Хидэёси социалдык даражасы жогорулап, Нобунаганын вассалынын асыранды кызына үйлөнүп, абалын бекемдеди. 1566-жылы ал аскердик кеменгерлигин көрсөтүп, баткак Суномата жеринде бир түндө коргон куруп, Нобунагага Мино провинциясын багынтууга жол ачты. Ошол учурда ал душмандын бир катар генералын Ода тарабын көздөй өткөрүп алган.
1570-жылы Нобунага Асакура уруусуна жортуулга чыкканда, Хидэёси арьергарддын колбашчысы болуп дайындалды. Бул дээрлик өлүм өкүмүнө тете кызмат болсо да, ал Нобунаганын аскерин ийгиликтүү жаап, өзү аман-эсен кайтып келди. Ушул эрдиги аны жөн гана ишмер эмес, чыныгы кол башчы катары ырастап берди. Андан кийин ал Оми провинциясынан өз доменин алып, атын Хасиба Хидэёси деп өзгөрттү да, туугандарын эле эмес, ээси жок калган рониндерди да кызматка кабыл алып, өз армиясын түзө баштады.
1582-жылы Нобунага Акэти Мицухидэнин чыккынчылыгынан өлтүрүлгөндөн кийин, демилге Хидэёсинин колуна өттү. Ал Такамацу сепилин курчап жаткан жеринен тез эле Мори кланы менен тынчтык түзүп, аскерин борборго бурду. Нобунаганын башка шериги Токугава Иэясудан озуп келип, Хидэёси Ямадзаки салгылашында Мицухидэнин аскерин талкалады. Нобунаганын саясий мураскору катары Хидэёси көпчүлүк генералдардын колдоосун алып, Ода кланынын жаш мураскоруна регент болуп калды.


1583-жылы анын бийлигине Сибата Кацуиэ каршы чыкты, бирок Хидэёси Сидзугатакэ салгылашында аны талкалап, оппозиция багынды. Эң күчтүү атаандашы Токугава Иэясуну да өз таасирине тарта алды. Иэясу Нагакутэ салгылашында Хидэёсинин аскерин жеңсе да, Хидэёсинин аскерий-экономикалык үстөмдүгүн моюндап, тынчтыкка барды. 1586-жылы Токугава Киотого келип, жаңы бийлик ээсине ант берди.

Ошол эле маалда Хидэёси Осакада кооз сепил куруп, аны бийлигинин символу жана өлкөнүн жаңы борбору кылды. Ал бийлигин мыйзамдаштырууга умтулса да, дыйкан тектүүлүгү үчүн сёгун наамын ала алган жок. Анын ордуна 1585-жылы кампаку (регент), кийинки жылы дайдзё-дайдзин (башкы министр) даражасын алып, императордун атынан бийлик жүргүздү.
Кинай аймагын караткан соң, Хидэёси бүт Японияны багынтууга киришти. 1585-жылы Сикоку аралын, анын өкүмдары Тёсокабэ Мототикини жеңип баарын багынтты. 1587-жылы Кюсюга 200 миң аскер менен жортуул жасап, күчтүү Симадзу кланын багынтты. 1590-жылы акыркы ири жүрүшүн Кантодагы Го-Ходзё кланына каршы баштап, алардын башкы цитадели Одавара сепилин курчап алды. Үч айдан кийин алынбас сепил багынып, жетекчилери сэппуку кылышты. Ушул маалга келгенде Тоётоми Хидэёси Япониянын жалгыз өкүмдары болуп, кылымдарга созулган феодалдык согуштарга чекит койду.


Япония бириккенден кийин Хидэёси кеңири реформаларды жүргүздү. Ал Нобунаганын экономикалык курсун улантып, сооданын өнүгүшүнө шарт түздү жана өлкө боюнча жер каттоосун өткөрдү. Дыйкандардан курал-жаракты топтотуу тууралуу жарлык чыгарып, коомду так аскер жана жарандык катмарларга бөлдү. Салыктар жогорулаганы менен, согуштардын токтошу экономикалык өсүшкө алып келди.
Хидэёси христиандыкка болгон катаал саясаты менен да белгилүү. 1587-жылы ал миссионерлерди өлкөдөн чыгаруу тууралуу жарлык берип, жапон христиандарын куугунтуктады муну тарыхчылар Европанын колониялык экспансиясына каршы күрөшү менен да байланыштыршат.
1592-жылы Хидэёси ашкере амбициясы менен Имдин согушун баштап, Корея менен Кытайды багынтууну көздөп, 160 миңдик экспедициялык корпус жиберди. Япон аскерлери алгач корей шаарларын тез багынткан, бирок корей элинин өжөр каршылыгы жана кытай армиясынын согушка кириши алардын жүрүшүн токтотту. 1593-жылы убактылуу элдешүү жасалды.

Бул арада Японияда Хидэёсинин уулу Хидэёри төрөлдү. Тагын уулуна өткөрүп берүүнү каалаган Хидэёси мураскору жана жээни Хидэцугудан сэппуку талап кылып, өлөр алдында өлкөнү башкаруу үчүн регенттик кеңеш түздү.

1597-жылы Имдин согушу кайра башталды. Япон аскерлери кээ бир убактылуу ийгиликтерге жетишсе да, алдыга жылууга үлгүрбөй, Кореянын түштүк жээгине чейин чегинүүгө аргасыз болушту. 1598-жылдын ноябрында улуу корей адмиралы Ли Сунсин Норянжин салгылашында жапон флотун талкалап, согушту улантууга жол бербей койду.
1598-жылдын 18-сентябрында Тоётоми Хидэёси каза болду. Анын өлүмү тууралуу кабар флоттун кыйрашы менен дал келип, япон аскерлеринин Кореядан акыркы чегинишине алып келди. Хидэёсинин өлүмү ошол эле учурда регенттик кеңештин мүчөсү Токугава Иэясуга бийлик үчүн күрөштү баштоого белги болду. Акыры ал Тоётоми үйүн талкалап, сёгун болуп, Японияны 250 жылдан ашуун башкарган династиянын негизин салды.



