
1637-жылы тутанган Симабара көтөрүлүшү XVII кылымдагы Япония тарыхындагы эң маанилүү окуялардын бири болду. Анын түп-тамырлары XVI кылымдын ортосуна барып такалат: Симабара жарым аралы жана кошуна Амакуса аралдары өлкөдөгү католик христианчылыгынын негизги очокторунун бири болуп калган. Жергиликтүү даймёлор Арима Харунобу жана Кониси Юкинага сыяктуулардын колдоосу менен иезуиттик миссиялар гүлдөп, христиан жамаатынын саны ондогон миңге жеткен.

Бирок Токугава сёгунаты, айрыкча сёгун Токугава Иэмицунун тушунда 1630-жылдар христиандарга карата саясат кескин катууланган. Борбордук бийлик дайындалган даймёлор Мацукура Сигэмаса жана Тэрадзава Кататака жетектеген массалык куугунтуктар, кыйноолор жана жазалоолор калктын көпчүлүгүн формалдуу түрдө дининен баш тартууга аргасыз кылды.

Антихристиандык кысым табигый кырсыктар менен туш келди. 1633–1637-жылдары аймакты кыйраткыч тайфундар жана узак кургакчылык каптап, жапырт ачарчылыкка алып келди. Ошого карабай жергиликтүү бийлик салыкты азайткандын ордуна көбөйтүп, дыйкандарды мүлкүн ал тургай балдарын сатууга мажбур кылды. Мындан тышкары, даймёлор сёгундун Эдодогу резиденциясын оңдоого кеткен кымбат баалуу иштерге тартылып, анын жүгү да элдин мойнуна жүктөлдү.
Демек, Симабара көтөрүлүшү үч фактордун кошундусунан келип чыкты:
Диний кысым, христианчылыкты тамырынан жоготууга багытталган;
Экономикалык басым оор салыктар жана азык-түлүктү конфискациялоо;
Социалдык чыңалуу жакырланган дыйкандар менен ырайымсыз жергиликтүү бийликтин карама-каршылыгы.
Көтөрүлүш 1637-жылдын 17-декабрында Кюсю аралында башталды. Аны тарапкерлери «Мессия» деп эсептеген 16 жаштагы жигит Амакуса Сиро жетектеди. Анын төбөлчүлүгүндө болжол менен 23 миң дыйкан жана ронин христиандын символдорун көтөрүп бир муштумга бирикти.
Көтөрүлүшчүлөр алгачкы жеңишти тез эле камсыз кылышып, Нагасаки башкаруучусу жөнөткөн 3 миң самурайдан турган кошуунду талкалашты. Мунун айынан сёгунат тез арада кошумча күч сураган. Көп өтпөй көтөрүлүшчүлөр жарым-жартылай талкаланган Хара сепилин басып алып, шашылыш оңдоп, башкы тирегине айлантты. Сепил дубалдарына христиан туулар илинип, чоң жыгач айкаштар орнотулду.


Көтөрүлүштү басуу үчүн сёгунат зор күчтөрдү, анын ичинде артиллерияны да тартты. Жапон жана кытай кемелери сепилди деңиз тараптан аткылоого алышты. Бир аздан кийин сёгунаттын өтүнүчү менен голланд соода кемелери да чепти бомбалаган. Бирок бир нече деңизчисин жоготкондон кийин, голланддар мындан ары катышпоону чечип, артка кайтышты.
Санда үстөмдүк душманда болгонуна карабай, Харада отургандар жан аябас коргонушту. Кагылыштардын биринде алар Хидзэн провинциясынын аскерине оор сокку уруп, даймёсу менен кошо 2 миңдей жоокерин жок кылышты. Ырас, алардын абалы үмүтсүз болчу: азык-түлүк жана ок-дары кору түгөнүп бара жаткан.
1638-жылдын 12-апрелинде сёгунаттын армиясы акыркы штурмду баштады. Айоосуз каршылыкка карабай, көтөрүлүшчүлөр дагы 10 миңдей сёгунат жоокерин жок кылышкан деп айтылат, бирок сепил акыры алынды.
Симабара көтөрүлүшүн басуу өтө кандуу жана ырайымсыз болду. 37 миңден ашык көтөрүлүшчү жана алардын тарапташтарынын башы алынды, Амакуса Сиронун башы Нагасакиге жеткирилди. Хара сепили толук кыйратылды.
Сёгунат көтөрүлүш үчүн «варвар-христиандарды» күнөөлөп, изоляционисттик саясатын ого бетер катуулатты:
Христиандык катуу тыюу салынган динге айландырылып, аны кармангандар массалык репрессияга кабылды.
Чет элдиктердин Японияга кириши жабылды; адегенде Португалия, андан кийин Голландия менен да мамилелер үзүлдү.
Япон жарандарына өлкөдөн чыгууга тыюу салынды, ал эми четтен кайткандар өлүм жазасына тартылуучу болду.
Батыш менен байланыштын жалгыз каналы Нагасаки булуңундагы Дэдзима аралындагы голланд соода миссиясы гана калды; ал да сёгунаттын катуу көзөмөлүндө болду.

Ошентип, Япония дүйнөдөн дээрлик толук ажырап, Сакоку («жабылган өлкө») деп аталган узак мезгилге кирди. Бул окуя ички саясатка да чоң таасир тийгизди: Симабарадан кийин 1860-жылдарга чейин Японияда ири куралдуу жаңжал болгон жок. Эдо доорундагы он муун самурай реалдуу согушту көрбөй, ички маданият, бюрократия жана искусство өнүккөнү менен, аскердик иш жана техникалык прогресс дүйнөгө салыштырмалуу жайыраак жүрдү.



