
Йездегерд II өлгөндөн кийин анын уулдары Ормизд III менен Пероздун ортосунда бийлик үчүн ички согуш башталган. Тактыны колго алуу аракетинде Пероз Сасанид империясы үчүн оор кесепет алып келген кадам жасаган: ал күчтүү көчмөн эл — эфталиттерден жардам сураган. Эфталиттер Ирандын тактысына өздөрүнүн кишисин отургузууну каалаган, бирок бул жолу алар Перозго колдоо көрсөтүшкөн. Алардын жардамы жана перс ак сөөктөрүнүн бир бөлүгүнүн колдоосу менен Пероз жеңишке жетишип, агасы Ормизд III өлтүрүлгөн.

Такка чыккан соң Пероз абдан оор абалга туш келген. Өлкө жети жыл бою катуу кургакчылыктан жапа чеккен, бул ачарчылык менен кыйроого алып келген. Бирок өкмөт акылмандык көрсөтүп, айрым салыктарды жойгон, мамлекеттик кампаларды ачкан, ал эми ири жер ээлерин эл менен даны бөлүшүүгө мажбур кылган. Кургакчылык бүткөндөн кийин Пероз эски шаарларды калыбына келтирүү жана жаңыларын куруу боюнча кеңири программа баштаган, бул үчүн ал Византия империясынан карыз да алган
Пероздун бийлигинин башында христиандарга каршы куугунтук башталган. Армян тарыхчысы Себеос жазгандай, «башкаруудагы бардык тартип, ынтымак жана христиандыкка болгон сабырдуулук токтоду». Шахтын каарына католикос Бабой тийген ал мурда зороастр динин туткан киши болчу. Анын баш ийбестигинен улам Пероз аны камакка алып, христиандарды куугунтукка алган, бирок бул куугунтук Византия менен тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин токтотулган.
Пероздун христиандарга болгон мамилеси татаал болгон. Ал айрым агымдарды, мисалы, монофизиттерди куугунтуктап, ал тургай өз бийлигинин аягында Кавказдагы көтөрүлүш маалында католикос Бабойду өлүм жазасына тарткан. Ошол эле учурда ал Византия четке каккан несториандарды колдогон, анткени аларды Византияга каршы союздаш катары көргөн. Ал Нисибин епископу Бэр Сэуманы чек ара аскерлеринин башчысы кылып дайындаган — бул, эгерде Пероз бардык христиандарга душман болсо, мүмкүн болбойт эле. Ошентип, Пероз христиандардын ичиндеги догматтык талаштарды өз пайдасына колдонуп, ошол учурдан тартып Иран жана Борбордук Азиядагы христиандыкта несториандык агым үстөмдүк кыла баштаган.
Пероз жөөттөрдү да катуу куугунтукка алган. Исфаханда эки жөөт зороастр дининин жрецтерин өлтүргөндөн кийин шах шаардагы жөөттөрдүн жарымын кырып салууну, ал эми алардын балдарын зороастризмге өткөрүүнү буйруган. Бул репрессиялардын масштабы мурда болуп көрбөгөндөй болгон.
Анын башкаруусунун көпчүлүк бөлүгү көчмөн элдер менен согуштарга арналган. Ал 468-жылы алардын борборун басып алып, кидариттерди биротоло багынткан. Бирок бул жеңиштен кийин Иран андан да кооптуу душман эфталиттер менен бетме-бет келген.

Эфталиттер менен согуш өтө оор болгон. Уламыш боюнча, эфталит падышасы Ахшунвар Пероздун аскерин тоо капчыгайына азгырып киргизип, капканга түшүргөн. Толук кырылып калбоо үчүн Пероз абдан шылдыңдуу шарттарга макул болгон эфталиттердин үстөмдүгүн таанып, Талакан шаарын өткөрүп берип, чоң кун төлөгөн. Бул үчүн ал калктан жаңы салыктар жыйноого аргасыз болгон жана өз уулу Кавадды күрөө катары эфталиттерге берген.
Пероз Кавказ аймагындагы көтөрүлүштөр менен да күрөшкөн. 481–484-жылдары Иберия, Армения жана Албания элдери Персиянын бийлигине каршы көтөрүлүшкөн. Көтөрүлүштү ибер падышасы Вахтанг Горгасали жана армян жетекчиси Вахан Мамиконян жетектеп, айрым ийгиликтерге жетишсе да, акыры жеңилген.
Бирок Пероз эфталиттерден өч алуу оюнан баш тарткан эмес. 483-жылы ал кайрадан жортуулга чыккан. Уламыш боюнча, Ахшунварга берген антын бузбаш үчүн ал чек арадагы таш белги жылдырткан «мен чек арадан өтпөдүм» дегендей. Бирок эфталиттер алдын ала чоң жашыруун чуңкур даярдап койгон эле. Перс атчан аскери чабуул баштаганда ошол чуңкурга түшүп, толугу менен кырылган. Пероз өзү да көптөгөн уулдары менен кошо курман болгон, алардын сөөгү табылган эмес.
Бул кырсыктын кесепети Сасанид империясынын тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй болгон. Кылымдар бою Рим менен теңтайлашкан улуу мамлекет көчмөндөрдүн көз карандысына айланган. Согуштар жана оор салыктар өлкөнү кыйратып, элди жакырлаткан. 24–27 жылга созулган Пероздун доору Сасаниддер тарыхындагы эң оор жана трагедиялуу мезгилдердин бири болгон, бирок ошол эле учурда мамлекеттин оор сыноолордо да жашап кала аларынын далили катары тарыхта калган.




