
XIII кылымда Корея жарым аралындагы Корё мамлекети 1231–1281-жылдар аралыгында болгон монголдордун бир нече жолу жортуулдарынан алсырап, акырында келишим түзүп, Монгол империясынын вассалы болуп калды. Ошол эле учурда Японияда Камакура сегунатынын атынан бийлик жүргүзгөн Ходзё кланынын аскердик регенттери — сиккэндер толук бийликти өз колдоруна топтоп алышкан. Алар салттуу кеңештерди эске албай, жеке жолугушууларда чечим чыгарышкан.
Бул маалда монголдор Кореяда орноп, өз көңүлүн Японияга бурушкан. 1265-жылы 1260-жылы каган болуп жарыяланган Хубилай-хан кореялык кеңешчисинин сунушун кабыл алып, Японияны вассалдыкка мажбурлоону чечкен. Ал Японияга элчилерди жөнөткөн, бирок алардын миссиясы ийгиликсиз болуп, беш айдан кийин эч кандай жыйынтыксыз кайтып келишкен. Хубилай Корё тараптан айлакерликти шектеп, 1268-жылы кайрадан элчи жөнөткөн. Кореялык элчи менен кошо келген бул делегацияда Хубилайдын каты болгон, анда ал өзүн “асман ырайымы менен дүйнөнүн кожоюну” деп атап, Япониядан достук мамиле түзүүнү талап кылып, болбосо согуш менен коркуткан.

Катта мындай деп жазылган: “Эзелтен бери чектери жакын турган чакан мамлекеттердин өкүмдарлары ар дайым достук мамиле сактап, бири-бирине урмат жана ишеним көрсөтүп келишкен… Биз Сиздин Жогорку урматыңыз жана сиздин кулдарыңыз бул тууралуу билесиздер деп ишенебиз… Ким куралга кайрылгысы келет? Бул маселени Сиздин Жогорку урматыңыздын кароосуна тапшырам.”
Кат баскынчылыктын кабарчысы катары кабыл алынган. Императордук сарайдын каалоосуна каршы Камакура сегунаты жооп берүүдөн баш тарткан. 1269-жылдын башында Цусима аралына жаңы миссия келип, бирок алар да жооп ала алган эмес. 1270-жылдын аягында жөнөтүлүп, 1271-жылы жеткен акыркы элчилик да четке кагылган. 1273-жылы элчилердин бири Чжао Лянби Кытайга кайтып барып, Хубилайга япондор согушка даяр экенин, жана басып кирүү пайдасыз болоорун билдирген.
Япония болсо күтүлгөн коркунучка даярданып, Кюсю аралында коргонуу бекемделген. Синтоисттик жана буддисттик ибадатканаларга жеңиш үчүн тиленүү буйрулган.
1274-жылдын апрелинде Хубилай-хан 15 миң монгол, хань жана чжурчжэнь жоокерин мобилизациялоого буйрук берген. Кореялык аскер башчы Ким Пангён 30 500 кишини чогултуп, 900 кеме курдурган. Корея жумушчу күчүн, материалдарды жана каржылоону камсыз кылышы керек эле, бул нааразычылыктарды жараткан. 1274-жылдын 5-июлунда курулуш бүткөн, бирок 23-июлда корей падышасы Вонджондун өлүмүнө байланыштуу жортуул үч айга кечиктирилген.
Монгол флотунда 15 миң жоокер, 6–8 миң корей жана 7 миң кореялык деңизчи болгон. Алар алгач Цусиманы, андан соң Икини, кийин Хаката булуңун басып алышы керек эле. Япониялык күчтөрдүн саны 4–6 миң деп бааланган.
1274-жылдын 2-ноябрында монгол флоти Кореядан чыккан. Эки күндөн кийин алар Цусима аралына түшүшкөн. Губернатордун орун басары Со Сукэкуни болгону 80 самурай менен каршылык көрсөткөн. Алар бат эле жеңилген, ал өзү да курман болгон. Со Си Кафуга ылайык, самурай Сукэсаданын өзү 25 душманды жалгыз өлтүргөн. Согуштан кийин монголдор аралдагы имараттарды өрттөп, элди кырган.
13-ноябрда флот Цусимадан чыгып, Икиге кол салган. Губернатор Тайра-но Кагэтака 100 самурай менен каршылык көрсөткөн, бирок чегинип, чепке жашынган. Жеңилүүнү түшүнгөн ал кызы аркылуу кабар жөнөтүүгө аракет кылган, бирок кызы жебеге урунуп өлгөн. Кагэтака акыркы чабуул жасап, үй-бүлөсү менен кошо өзүн өлтүргөн.
1274-жылдын 19-ноябрында Юань флоту Хаката булуңуна түшкөн. 20-ноябрда Бунъэ согушу башталган. Япон самурайлары монголдордун согуш ыкмасына таң калышкан: жеке салгылаштардын ордуна монголдор сап түзүп, калкандарды жана порох бомбаларын колдонушкан. Бул үн аттарды үркүтүп, самурайларды дүрбөтүп жиберген. Жапон тарыхчысы жазгандай: “Биздин аскерлер керең кылган үн жарылуулардан өлө коркушту; көздөрү сокур болуп, кулактары дүлөй болду.”
Согуш бир эле күнгө созулган. Япондор артка чегинген, бирок монголдор кол салууну уланткан эмес. Юань командирлеринин бири Лю Фусян жарадар болуп, генералдардын арасында талаш чыккан. Алар түнкү засага түшпөш үчүн кемелерине кайтууну чечкен.
Ошол түнү күтүүсүздөн тайфун соккон. Япондор кийин аны камикадзе — “кудайдын шамалы” деп аташкан. Юань тарыхына ылайык, “күчтүү бороон чыгып, көптөгөн согуш кемелери аскаларга урунуп кыйрады.” 30 миң колдун ичинен 13 500ү кайтып келбеген. Япондор тирүү калган туткундардын баарын өлтүрүшкөн, болгону кытайлык деңизчилерди гана тирүү калтырышкан, аларды мажбурлап согушка алып келишкен деп эсептешкен.
Бул жеңиш Япония үчүн чоң сабак болгон. Камакура сегунаты Хаката булуңуна таш дубалдар менен коргонуу бекемдөөгө буйрук берген.
Хубилай хан багынган эмес. 1275-жылы беш элчисин жөнөткөн, бирок аларды регент Ходзё Токимунэнин буйругу менен башы алынган. Алардын көрү азыр деле Дзoрю-дзи монастырында турат. 1279-жылы дагы беш элчи Хакатада өлтүрүлгөн.
1280-жылдын күзүндө Хубилай экинчи жортуулду даярдай баштаган. Сун династиясын жеңгенден кийин анын ресурстарын да пайдалана алган. Жаңы жортуулга 1500дөн ашык кеме жана 142 миңдей аскер менен деңизчи чогултулган.
1281-жылдын 22-майында Чыгыш армиясы Кореядан чыккан. 9-июнда Цусиманы, 14-июнда Икини басып алышкан. Япондор жеңилип, Сёни Сукэтоки согушта өлгөн.

Чыгыш армиясы түштүк флотун күтпөй туруп, Хаката булуңуна кол салган. 25-июнда 300 кеме Нагато провинциясына чабуул койгон, бирок аларды артка сүрүп чыгышкан. Калгандары Хакатага кол салганда, күчтүү дубалдан жеңилип артка кайтышкан.
Жээкке түшө албаган монголдор Сика жана Ноко аралдарын ээлеп, ошол жерден Хакатага рейд жасоону пландашкан. Бирок япон самурайлары кичи кайыктар менен түнкү чабуулдарды жасашкан. Хатиман Гудокунда жазылгандай, самурай Кусано Дзиро монгол кемесине чыгып, аны өрттөп, 21 душмандын башын алган. Ушундай кол салуулардан улам монголдор Хирадо аралына чегинүүгө аргасыз болушкан.
Эки жумалык тупуктан кийин, 1281-жылдын 15-августунда монгол флотуна күчтүү тайфун соккон. Корея жана түштүк кытайлык деңизчилер Имари булуңуна кутулууга аракет кылышкан, бирок бороон алардын баарын кыйраткан. Мыңдаган аскер өлгөн. Командир Фань Вэньху мыкты кемелер менен качып, 100 миңден ашык жоокерди таштап кеткен. Япондор табылган бардык монголдорду, корейлерди жана түндүк кытайларды өлтүрүп, түштүк кытайларды гана тирүү калтырышкан.
Бул жеңилүү Монгол империясы үчүн катастрофа болгон — алардын флотунун көпчүлүгү жок кылынган. Кеме курууга жооптуу болгон Корея да өзүнүн деңиз күчүн жоготкон. Японияда болсо, баскынчылыктар токтотулганы менен, Камакура сегунаты самурайларды сыйлай албай, бул алардын бийлигинин алсырашына алып келген.



