
Келечектеги император Марк Аврелий испан тектүү сенатордук үй-бүлөгө таандык болгон. Анын чоң чоң атасы Анний Вер Бетикадан Римге көчүп келип, Веспасиандын тушунда патрициат катарына киргизилген. Чоң атасы да Марк Анний Вер аталып, үч жолу консул болуп, Траянга небере жагынан тууган болгон Рупилия Фаустинага үйлөнгөн.
Марк Анний Вер тарыхта Марк Аврелий катары белгилүү Римде 121-жылдын 26-апрелинде төрөлгөн. Жаш курагында асырап алынып, 139-жылы өзүнүн асырап алган атасы каза болгондон кийин, император Антонин Пий тарабынан кайрадан асырап алынды. Ошентип ал Марк Элий Аврелий Вер Цезарь деген атка ээ болду.

Марк Аврелий мыкты билим алган. Адриандын тирүү кезинде эле ал квесторлукка көрсөтүлгөн. 138-жылы бул кызматты ээлеп, административдик ишин баштады. Ошол эле жылы ал өзүнүн бөлө сиңдиси, Антонин Пийдин кызы Анна Галерия Фаустинага сөйкө салды. Бул никеден он эки бала төрөлүп, алардын ичинен алтоо гана чоңойгон, анын ичинде келечектеги император Коммод да бар эле.

140-жылы Марк Аврелий консул болуп дайындалып, цезарь деп жарыяланды. 145-жылы экинчи жолу консул болду. 25 жашында философия менен олуттуу алектене баштап, анын башкы устаты стоик Квинт Юний Рустик болгон.
161-жылдын 1-январында Марк Аврелий үчүнчү консулдугун кабыл алды. Ошол эле жылдын март айында Антонин Пий каза болуп, Марк Аврелий асырап алган бир тууганы Луций Вер менен кош башкарууну баштады. Алардын биргелешкен бийлиги 169-жылы Луций Вер каза болгонго чейин уланды, андан кийин Марк Аврелий жалгыз өзү бийлик жүргүздү.
Ал туруктуу согуш абалында турган империяны мураска алды. Антонин Пий каза болгондон кийин дароо парфиялыктар рим жерлерине бастырып кирип, римдиктерди эки ирет жеңишти. 166-жылы тынчтык келишими түзүлүп, ага ылайык Түндүк Месопотамия Римге өттү.
Ошол эле жылы герман уруулары Дунайдагы рим аймактарына басып киришти. Маркомандар Түндүк Италияга чейин жетишти. Марк Аврелий менен Луций Вер варварларга каршы жортуулга чыгышты. Герман жана сарматтар менен согуш жүрүп жатканда, Египетте да толкундоолор башталды.


178-жылы Марк Аврелий германдыктарга каршы дагы бир жортуулга өзү башчылык кылып, чоң ийгиликтерге жетишти. Бирок 180-жылы анын аскерлеринин арасында чуманын (балким, чечек) эпидемиясы тутанып, 180-жылдын 17-мартында Марк Аврелий Виндобонада (азыркы Вена) чумадан каза болду.
Марк Аврелий Сенатка болгон урматын ар дайым баса белгилеп, сот тутумуна чоң көңүл бурган. Ал Афинада академиялык, перипатетикалык, стоикалык жана эпикурейлик багыттар боюнча төрт философия кафедрасын негиздеп, профессорлорго мамлекеттик маяна дайындаган.
Ал грек тилинде жазылган философиялык жазмаларын калтырган, алар жалпы «Өзүңө» деген ат менен белгилүү. Бул жазмаларда, кечки стоицизмдин өкүлү катары, ал негизинен этикага көңүл бурган. Анын ою боюнча, адамда үч башат бар, дене, жан (пневма) жана акыл (нус). Дал ушул акыл башкы, жетектөөчү башат.
Марк Аврелий бакытка жетүү үчүн өз акылыңды жалпы жаратылыштын мыйзамына шайкеш алып келүү зарыл деп эсептеген.
Өлүмүнөн кийин Марк Аврелий кудайлаштырылды. Байыркы тарыхый салтта анын бийлиги «алтын доор» катары бааланат. Ал «такттагы философ» атка конуп, тарыхта эң улуу рим императорлорунун бири катары калды.



