
XV кылымдын ортосуна карата Византия империясы — бир кезде Рим империясынын мураскери катары бүткүл Жер Ортолук деңиз аймагында үстөмдүк кылган зор мамлекет — дээрлик толугу менен өз көзөмөлүнөн ажыраган. Анын карамагында азыр болсо болгону Константинополь шаары, ага жакын аймактар, бир нече арал жана Пелопоннестин бир бөлүгү калган. Калган бардык жерлер Осмон түрктөрүнүн колуна өткөн. Бул жаңы күч ырааттуу түрдө Византиянын бардык аймактарын каратып ала баштаган.
Бирок мындай чоң коркунучка карабастан, Византиянын бийлик башындагылар бириккендин ордуна өз ара интригаларга, бийлик үчүн күрөшкө алаксып, өлкөдө туруктуу башаламандык өкүм сүрүп турган. Тронго алсыз императорлор келип, аларды кайра-кайра тактан кулатуу жана алмаштыруу үзгүлтүксүз болуп турган. Байлык жана күч мурунку заманда калган.
Дал ушул оор учурда 1449-жылы бийликке Византиянын акыркы императору — Константин XI Палеолог келген. Ал шаардын жана империянын акыркы үмүтү болгон. Император Европа мамлекеттеринен, айрыкча Папа Римскийден жардам сураган, бирок олуттуу жардам берилген эмес — символикалык гана жардам Венеция тарабынан көрсөтүлгөн. 1453-жылы Константинополь Осмон султанаты тарабынан чоң коркунуч алдында калган. Осмондор бул стратегиялык мааниси бар, Босфор жана Дарданелл кысыктарына көзөмөл кылган жана Европаны Азия менен байланыштырган шаарды басып алууну көптөн бери самап келишкен.

Осмон аскерлерин султан Мехмед II жетектеген. Ал кийин тарыхта Мехмед Жеңүүчү (Фатих) деген ат менен белгилүү болот. Ал биринчи жолу Осмон султаны болуп 1444-жылы, болгону 12 жашында такка отурган. Бирок жаш курагынан жана мамлекетке сырттан келген коркунучтардан улам, анын атасы Мурад II кайрадан бийликке келип, Мехмедди Маниса шаарына башкаруучу жана билим алууга жөнөткөн. 1451-жылы Мурад II каза болуп, Мехмед кайрадан такка чыккан.
Такка чыккан замат эле Мехмед Константинополду басып алуу үчүн даярдык баштаган: армия чогултуп, чептер курган, жаңы замандын талабына ылайык курал-жарактарды, чоң пушкаларды жасаткан. Анын армиясынын саны 80 миңге жакын болгон. Ошондой эле ал деңиздеги флотилиясын да бекемдеген, бул Константинополду деңизден да курчоого мүмкүндүк берген. Византиялык армия болгону 7–10 миң аскerden турган, алардын арасында жалданма аскерлер жана шаарды коргогон тургундар да болгон.

Курчоо 1453-жылдын 2-апрелинде башталган. Мехмед II өз армиясы менен шаардын тегерегин толук курчап, осаданы баштаган. Осмондор жаңы осадалык технологияларды колдонушкан, алардын ичинде эң белгилүүсү — "Базилика" аттуу гиганттык пушка болгон. Ал бир нече тонна салмакта болуп, 60 см диаметрдеги таштарды атыша алган. Бул коркунучтуу курал венгриялык инженер Урбан тарабынан атайын буйрутма менен жасалган.
Түрктөр деңизден да шаардын жолдорун буушуп, шаарга тамак-аш жана жардам жеткирүүнү толугу менен токтотушкан. Антик доордо курулган Константинополдун дубалдары осмон артиллериясынын, айрыкча "Базиликаны" колдонгон соккуларынын астында акырындап урай баштаган.
Император Константин XI бар күчүн салып, шаарды сактап калууга аракет кылган, бирок абал барган сайын начарлап жатты. Мехмед II тынчтык келишимин сунуштаган, бирок анын шарттары өтө оор болгондуктан, византиялыктар четке кагышкан. 1453-жылдын 22-майында курчоо чечүүчү фазасына өтүп, бир жума бою осмондор тынымсыз чабуул коюп турушкан.
29-майга караган түнү, осмон аскерлери бир нече жерден дубалдарды жарып өтүп, шаарга кирүүгө жетишкен. Ошол учурда император шаар тургундарын акыркы каршылык көрсөтүүгө чакырган. Таң аткыча каршылык уланып, бирок шаар дээрлик толугу менен душмандын колуна өткөн. Константин XI короносун чечип, акыркы кармашка катышып, өз жоокерлеринин катарында курман болгон. Анын денеси кийин алтын бүркүт саймаланган сапожкеси аркылуу табылган.
Константинополдун жыгылышы менен Византия империясы толугу менен жок болгон. Шаар Осмон империясынын бир бөлүгүнө айланып, анын борбору болуп калды жана кийинчерээк Стамбул деп аталып калган.
Бул жеңиш Осмондордун Балкандарда жана Чыгыш Европадагы үстөмдүгүн бекемдеп, аларды аймактагы эң чоң жана күчтүү мамлекетке айландырган. Алар Батыш менен Чыгышты байланыштырган маанилүү соода жолдорун көзөмөлгө алышкан.
Константинополдун жыгылышы көптөгөн илимпоздорду, сүрөтчүлөрдү жана жазуучуларды Европага, айрыкча Италияга качууга мажбур кылган. Алар өздөрү менен бирге байыркы билимдерди жана маданий мурастарды алып келишкен — бул болсо Европадагы Ренессанс (Кайра жаралуу) доорунун башталышына олуттуу түрткү болгон.
Ошондой эле Осмондор Европадан Азияга баруучу салттуу соода жолдорун көзөмөлдөп, чоң салыктар талап кылышкан. Бул Европалыктарды жаңы деңиз жолдорун издөөгө түрткөн — бул өз кезегинде "Улуу географиялык ачылыштар доорунун" башталышына себеп болгон.
Курчоо жана штурм учурунда Константинополь катуу жабыркаганына карабастан, Осмондор аны кылдаттык менен калыбына келтирип, кайрадан дүйнөдөгү эң бай жана ири шаарлардын бири кылып көтөрүшкөн.




