
Император Канси Кытай тарыхындагы эң улуу башкаруучулардын бири. Анын 60 жылдан ашуун созулган бийлиги өлкөгө тынчтык, экономикалык өсүш жана Цин империясынын олуттуу кеңейишин алып келген.
Атасы Шуньчжи император каза болгондон кийин, 1661-жылы алты жаштагы Канси такка чыккан. Өлкөнү башкаруу төрт кишиден турган регенттик кеңешке жүктөлүп, анын башында күчтүү жана таасирдүү князь Обой турган. Ал сарайдагы евнухтардын таасирин жойгон, бирок өзүнүн каардуу жана диктатордук бийлиги менен эл ичинде нааразычылык жараткан.
1669-жылы 14 жашка чыккан Канси, өзүнүн тайкеси Сонготу менен бирге мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, Обойду кулатып, анын тарапкерлерин камакка алган. Бирок бийликтин негизги рычагдары кийинки тогуз жыл бою Сонготунун колунда калган. Ал элди тынчтандыруу үчүн кытай коомундагы нааразылыкты басаңдаткан бир катар реформаларды жүргүзгөн. Ошол аралыкта Канси саясий акылмандык жана сабырдуулук көрсөтүп, мамлекеттик ишмер катары бышып жетилген.
Канси жаш кезинен эле кытай маданиятына жана илимге зор кызыгуу менен мамиле кылган. Ал көркөм өнөрдү, илимди жана кол өнөрчүлүктү колдоп, атактуу Цзиндэчжэнь кыш заводдорун калыбына келтирүүгө буйрук берген. Бул кадам Кытай фарфору дүйнөлүк деңгээлде атактуу болуусуна өбөлгө түзгөн.


1679-жылы Канси Сонготуну кызматтан алып, мамлекеттик бийликти толугу менен өз колуна топтогон. Ошондон баштап тарыхта «Канси доору» деп аталган мезгил башталган. Ал эң маанилүү чечимдерди жеке өзү кабыл алып, княздар кеңешинин таасирин чектеген. Анын башкаруусу менен өлкөдө ондогон жылдарга созулган согуштардын кесепети жоюла баштаган.
Канси антициндик көтөрүлүштөрдү дээрлик толук басып, элди калыбына келтирүү иштерине көңүл бурган. Жолдор, каналдар, ирригация системалары оңдолгон. Ал гидротехникалык иштерди жеке көзөмөлдөп, инфраструктурага өзгөчө маани берген.

1683-жылы Тайвань Цин империясынын курамына киргенден кийин, Канси жээк бойлоп соода жүргүзүүгө уруксат берген. 1684-жылы чет элдик сооданы чектеген мыйзамдар жумшартылган, бирок ал дагы деле катуу көзөмөлдө турган.
Канси таланттуу дипломат болгон. Ал атасынын тушунда башталган христиандарды куугунтуктоону токтотуп, европалык миссионерлерди кайра сарайга чакырган. Алардын ичинен белгүүлөрүнүн бири Фердинанд Вербист, ал астрономия жана математика боюнча императордун устаты болуп, кийин Астрономия башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

Канси конфуцийчиликке берилген бийлик катары моралдык баалуулуктарды чыңдоого умтулган. 1670-жылы ал «Он алты ыйык осуятты» жарыялап, элди адептүүлүккө, салыктарды өз убагында төлөөгө жана кылмыштуулукка каршы турууга чакырган.
Канси Цин империясынын түндүк чек арасында Россия менен болгон чыр-чатактарга туш болгон. Россиялык экспансияга каршы туруунун бир бөлүгү катары 1674-жылы маньчжурлар Гирин чебин негиздешкен. Ал эми 1678-жылы Маньчжуриянын түштүгүндө 900 чакырым узундуктагы «Ивалык тосмо (柳条边)» курулуп, ал чек араны мыйзамсыз көчүп келүүчүлөрдөн жана контрабандадан коргогон.

1685-жылы маньчжур аскерлери князь Пэнчундун жетекчилиги астында орус чебин Албазинди басып алышкан, бирок орустар аны кайра калыбына келтиришкен. 1686-жылы маньчжурлар кайра чабуул жасаганда чоң жоготууларга учурап, чегинүүгө аргасыз болушкан. Натыйжада 1689-жылы Нерчинск келишими түзүлүп, Албазин бузулган жана бир катар аймактар Цин империясына өткөн. Бул дипломатиялык жеңиш Кансиге чыгыш чек араны бекемдөөгө жана жаңы коркунуч Жунгар хандыгына көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берген.
Канси жунгарлардын күчүн алсыратуу жана Тибетти өз көзөмөлүнө алуу максатында татаал, бирок ийгиликтүү саясат жүргүзгөн. Ал халхас хандарынын ортосундагы ич ара касташууларды пайдаланып, өзүнүн үстөмдүгүн бекемдеген. 1687–1688-жылдары жунгарлардын ханы Галдан-Бошогту халхас аскерлерин талкалаганда, алар Кансинин коргонуна качып келишкен. 1691-жылы Долон-нор шаарында чакырылган курултайда Халха аймагы расмий түрдө Цин империясына кошулган.
1696-жылы Кансинин аскерлери Галдан-Бошогту-хандын негизги күчтөрүн талкалап, ал качууга мажбур болуп, 1697-жылы өзүн-өзү өлтүргөн. Натыйжада Алтайдан тартып Халхага чейинки аймактар Цин империясынын курамына кирип, XVII кылымдын аягында Цин Азиядагы эң ири державага айланган.
Канси ички реформаларды да уланткан. 1712-жылы ал салык реформасын өткөрүп, салык системасын бирдейлештирип, шаар калкынын абалын жакшырткан. Ал маньчжурлардын кытай калкынын мүлкүнө жана жерине болгон зордукчул мамилесин токтотуп, кытайлык аристократия менен союз түзүүгө умтулган. Ошондой эле ал энциклопедиялар, сөздүктөр жана адабий антологиялар сыяктуу ири маданий долбоорлорду баштаган. Бирок бул иштер катаал цензура менен коштолгон чет элдиктерге каршы чыгуу же Цинге каршы идеялар катуу жазаланган.


Канси диний сабырдуулукту карманган. 1692-жылы ал христиан динин үгүттөөгө уруксат берген, бирок кийин Ватикан кытайларды христиандык менен салттуу ишенимдерди айкалыштырууга тыюу салганда, Канси катуу реакция кылып, Рим папасынын кийлигишүүсүнө жол бербеген.
Ал ошондой эле Кытайдын түштүк-батышындагы нихань элдерин (жергиликтүү уруулардын тобун) багынтуу саясатын уланткан. 1704-жылы ал жергиликтүү вожддорду кадимки кытай чиновниктери менен алмаштырып, бул элдерди империянын бирдиктүү башкаруу системасына интеграциялоону көздөгөн.
Жунгар хандыгы менен согуш XVIII кылымда дагы уланып турган. 1715-жылы Канси жунгар ханы Цэван-Рабданга каршы жаңы жортуул баштаган. 1717-жылы жунгарлар Тибетти басып алышкан, бул Цин армиясына кийлигишүүгө шылтоо берген. 1720-жылы маньчжур аскерлери Тибетти бошотуп, ал жакка гарнизон жайгаштырышкан Цин империясынын Борбор Азиядагы таасири андан ары күчөгөн.

Император Канси 1722-жылы, 68 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал мураскер катары күтүлгөн улуу уулун эмес, төртүнчү уулу Иньчжэнди дайындоого чечим чыгарып, ал кийин Юнчжэн императору катары белгилүү болгон.
Канси артында күчтүү, биримдиктүү жана гүлдөгөн мамлекет калтырган Цин империясы анын тушунда дүйнөдөгү эң өнүккөн жана туруктуу державалардын бири болуп калган.



