
1722-жылы Канси императорунун төртүнчү уулу Иньчжэнь такка чыгып, өзүнүн башкаруу девизи катары Юнчжэн аталышын кабыл алган. Ал борборлоштурулган, кубаттуу империяны мурастаган, бирок олуттуу ички көйгөйлөргө туш болгон. Бир кезде мамлекеттин аскердик таянычы болгон маньчжур «тутумдук (знаменный) катмары» бузулуп, анын өкүлдөрү батылдыкты жана тартипти жоготуп, жыргал жашоого берилип, карызга баткан жана өз жерлерин сатып жибере башташкан.

Юнчжэн бийликке келери менен эле маньчжур үстөмдүгүн бекемдөө максатында чечкиндүү реформаларды баштаган. 1729-жылдан тартып өкмөт мурда сатылып кеткен жерлерди кайра сатып алып, аларды мурунку маньчжур ээлерине кайтарып берүүнү көздөгөн. Бул чара аскердик катмардын бузулушуна бөгөт коюу үчүн кабыл алынган.
Ошол эле учурда император коомдогу теңсиздикти жоюуга аракет кылган. Ал «жакшы адамдар» (дыйкандар, чиновниктер, кол өнөрчүлөр жана соодагерлер) менен «төмөн катмар» (актерлор, чачтарачтар, сойкулар жана башка «төмөн кесиптердин» өкүлдөрү) ортосундагы социалдык тоскоолду жоюуну көздөгөн. 1723-жылы чыккан жарлык аларга калк менен чогуу жашоого, нике курууга жана окумуштуулук экзамендерге катышууга уруксат берген. Бирок бул реформа коомдук көз карашты өзгөртө алган эмес дискриминация мурунку бойдон калган.

Юнчжэн атасы сыяктуу эле идеологиялык көзөмөлгө чоң маани берген. Ал «айылдык жыйындар» системасын күчөткөн ар бир жаран эки жумада бир жолу бул жыйындарга катышып, моралдык-насаат жана саясий түшүндүрмө иштерин угууга милдеттүү болгон. 1724-жылы ал Кансинин «ыйык буйругуна» негизделген, бирок андан да катуу мазмундагы идеологиялык указы жарыяланган.
Император оппозицияга карата ырайымсыз болгон. Эн белгилүү окуя окумуштуу жана жазуучу Люй Люлян иши. Анын чыгармаларында антиманьчжурдук ой-пикирлер табылып, ал өлгөнүнө карабастан, сөөгү мүрзөдөн казылып, майдаланып жок кылынган. Анын үй-бүлөсү жана шакирттери да өлүм жазасына тартылган. Калкты толук көзөмөлдөө үчүн империяда кеңири тармактуу жашыруун тыңчылар системасы түзүлгөн.

Юнчжэн идеологиялык тазалык үчүн күрөштө христиан динине каршы чыккан. 1724-жылы католик миссионерлерине үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган, андан соң алар өлкөдөн сүрүлүп чыгарылган. Бул саясаттын натыйжасында 300дөн ашык чиркөө жабылган жана Кытай толугу менен диний изоляция саясатына өткөн.
Юнчжэн империянын чек араларын бекемдөөгө да көңүл бурган. 1726-жылы түндүк аймакты коргоо үчүн жаңы Гирин провинциясы түзүлүп, жаңы коргонуу чеги «Ивалык чек ара» курулган.
Эң маанилүү дипломатиялык жетишкендиктеринин бири 1728-жылы Россия менен түзүлгөн Кяхта келишими болгон. Бул келишим Халха менен Россиянын чек арасын так аныктаган. 1731–1732-жылдары Цин империясынын элчилери Москвага жана Петербургга барып, Россия Кытайдан элчилер барган алгачкы европалык мамлекетке айланган.
Юнчжэн Монголияны дагы катуу көзөмөлгө алган. Ал өзүн Монгол хандарынын жогорку өкүмдары катары көрсөткөн, бирок ошол эле учурда феодалдык бөлүнүүнү колдогон бул саясат хандарды бири-бирине каршы коюп, алардын күчүн алсыраткан.
1724-жылы Юнчжэн Цинхайдагы көтөрүлүштү шылтоо кылып, ошол аймакты басып алуу үчүн жортуул баштаган. Цин аскерлери ойрат-хошоут урууларынын күчтөрүн талкалап, алардын жерлерин империяга кошкон. Натыйжада Джунгар хандыгы олуттуу түрдө алсырап калган.
Император ошондой эле Тибеттеги абалды жөнгө салууга аракеттенген. 1723-жылы Цин аскерлери Тибеттен чыгып кеткенден кийин ал жакта ички чатак башталып, Юнчжэн 15 миң аскер жөнөтүп, тартип орноткон. 1728-жылы ал Лхасада эки министр-резидент жана туруктуу гарнизон калтырып, Тибетти Цин империясынын туруктуу көзөмөлүнө алган.
1729-жылы Джунгар хандыгы менен согуш кайра башталган. Кээ бир учурларда Цин армиясы жеңилүүгө дуушар болсо да, 1733-жылы алар чечүүчү жеңишке жетишип, джунгарларды артка чегинүүгө мажбур кылышкан. Бул согуш империянын казынасына чоң чыгым алып келип, Юнчжэн тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого аргасыз болгон.


Юнчжэн бийликке шектенүү менен караган маньчжур аристократиясына ишенген эмес, анткени көптөр анын такка келишине каршы болушкан. Ошондуктан ал 1730-жылы жаңы мамлекеттик орган Аскер кеңешин (Цзюньцзичу) түзгөн. Бул орган княздар жана министрлер кеңешинин ордуна келип, түздөн-түз императорго баш ийген. Ал жарандык жана аскердик бийликтин бардыгын бир колго топтоп, Цин империясындагы абсолюттук монархиянын негизин түптөгөн.
Юнчжэн кытай чиновниктерине ишеним көрсөтүп, аларды жогорку кызматтарга дайындай баштаган. Бул саясат маньчжур аристократиясынын нааразычылыгын күчөткөн, бирок императорго өлкө башкаруусунда реалдуу күч берген.
1735-жылы Юнчжэн сырдуу жагдайларда каза болгон. Көптөр анын ууландырылганын айтышкан. Тактыга анын төртүнчү уулу Хунли чыккан, ал кийин тарыхта Цяньлун императору деген ат менен белгилүү болгон.
Юнчжэндин башкаруусу кыска болсо да, анын доору катуу реформалардын жана Цин империясынын саясий күчүн чыңдоонун мезгили болуп эсептелет.



