
Карл IX, толук аты Шарль Валуа, 1550-жылы төрөлгөн. Ал өзүнүн агасы Франциск IIнин капысынан өлүмүнөн кийин 1560-жылы, болгону 10 жашында француз тактысына отурган. Анын таажы кийүү аземи 1561-жылдын 15-майында Реймс шаарында өткөн. Карл IXнин кыска падышалыгы Франциядагы Диний согуштардын эң кандуу дооруна туура келген.

Баштапкы жылдары, башкача айтканда 1563-жылы жашы жете электе, өлкөдөгү чыныгы бийлик анын энеси Екатерина Медичиге таандык болгон. Падыша-эне католиктер менен протестанттарды (гугенотторду) элдештирүүгө аракет кылып, эки тарап ортосундагы кандуу тирешти токтотууну көздөгөн.
Екатерина Медичи диний элдештирүү максатында кардинал Шарль де Гиз менен протестант теологу Теодор Безаны жолугуштурууну уюштурган. Бирок бул сүйлөшүүлөр ийгиликке жетпей, Каор шаарындагы протестанттарга каршы кыргындан кийин (30 адам өлтүрүлгөн) элдешүү мүмкүн болбой калган.
1562-жылы чыккан Сен-Жермен-ан-Ле эдикти протестанттарга шаар дубалдарынын сыртында диний жыйын өткөрүүгө уруксат берген. Бирок ошол эле жылы католик герцогу Гиз тарабынан уюштурулган Васси кыргын (1562) жаңы согушту тутантты. Протестанттардын башчысы Людовик Конде курал көтөрдү.
Ошентип, биринчи Диний согуш башталды.
1562-жылдын 19-декабрында католиктер Дрё салгылашында жеңишке жеткен, бирок көп өтпөй католик жетекчиси Франсуа де Гиз Орлеанды курчоодо турганда өлтүрүлгөн.
1563-жылдын 19-мартында Амбуазда убактылуу тынчтык келишими — Амбуаз эдикти түзүлгөн.


1564-жылдын март айында Екатерина Медичи Франция боюнча Улуу саякатты баштаган, ал эки жылдан ашык убакытка созулган. Максаты падышаны элге көрсөтүү, тынчтык орнотуу жана падышалык бийликти чыңдоо болгон.
Кортеж Гасконь жана Лангедок сыяктуу протестанттар жашаган аймактарга да барган.
Руссильондо токтогондо, падыша Руссильон эдиктин кабыл алып, Франция боюнча 1-январды жаңы жылдын башы деп расмий белгилеген.
Ал эми Мулен шаарындагы токтолуу учурунда Мулен эдикти кабыл алынып, падышалык домендин ажыралгыс экендиги (аны бөлүүгө же сатууга болбой тургандыгы) мыйзамдаштырылган.
Бирок бул чаралар узакка созулган тынчтыкка алып келген жок.
1567-жылдын августунда протестанттар падышаны жана анын энесин уурдап кетүүнү пландаштырышкан.
24-сентябрда Карл жана Екатерина Медичи Мо шаарына качууга мажбур болушкан.
Жаңы согуш тутанып, протестанттар Сен-Дени, Жарнак жана Монконтур салгылаштарында жеңилүү тапкан.
Акыры 1570-жылы Сен-Жермен тынчтык келишими түзүлүп, кезектеги убактылуу тынчтык орногон.

1570-жылдын ноябрында 20 жаштагы падыша император Максимилиан IIнин кызы Елизавета Австриялыкка үйлөнгөн, бул Франция менен Ыйык Рим империясынын ортосундагы дипломатиялык байланыштарды бекемдеген.
Бирок анын башкаруусунун чокусу жана трагедиялуу учуру бул Варфоломей түнү болду.
Анын карындашы Маргарита Валуа менен протестант лидери Генрих Наваррскийдин никеси өлкөдө акыры тынчтык орнойт деген үмүт жараткан.
Бирок 1572-жылдын 22-августунда, үйлөнүү тоюнан бир нече күндөн кийин, протестант лидери Колиньиге кол салуу болду.
Күнөөлүүлөр үчүн жоопкерчилик королдун жана анын энесинин үстүнө түшүп, Екатерина Медичи жана анын кеңешчилери падышага протестант жетекчилерин жок кылуу чечимин кабыл алдырууга жетишти.
Ошентип, 1572-жылдын 24-августунда башталган Варфоломей түнү Франция тарыхындагы эң кандуу окуялардын бири болуп калды Парижде жана башка шаарларда миңдеген гугеноттор кыргынга учурады.
Падыша Карл IX кан төгүүнү токтотууга аракет кылган менен, окуяны көзөмөлдөй алган эмес.


Бул кырдаал протестанттардын падышага болгон ишенимин таптакыр жоготкон жана элдешүү мүмкүнчүлүгүн түбөлүк жойгон. Кийин айрым булактар падышанын өзү да сарай терезесинен протестанттарга ок аткан деп жазышкан (бул романтик миф катары кабыл алынат).
Бул трагедия Карл IXнин ден соолугун оор начарлаткан.
Көп өтпөй анын иниси Франсиск Алансонскийди падыша кылуу үчүн уюштурулган кутум ачылган. Падыша бул окуялардан катуу кыйналып, Венсенн сарайына кетип, ооруп төшөккө жыгылган. Карл IX 1574-жылдын 30-майында 24 жашка толо электе каза болгон.
Анын сөөгүн ачкан дарыгер Амбруаз Паре өлүмдүн себебин туберкулёздук инфекциянын натыйжасында өнүккөн плеврит деп аныктаган.
Анын ордуна иниси Генрих III падыша болуп, француз тактысына отуруу үчүн Польшанын тактысынан баш тарткан. Эл арасында Карл ууландырылган деген ушак тараган айрымдар бул ишти Генрих же Екатерина Медичи өзү уюштурган деп эсептешкен.
Карл IX өз артында «Падышалык аңчылык жөнүндө трактат» жана бир нече ыр калтырган. Бирок анын башкаруусу тарыхта Франциядагы диний жиктешүүнүн жана зомбулуктун эң жогорку чеги катары калган.



