
Генрих III 1551-жылы төрөлгөн. Жаш ханзаадага өз доорунун эң билимдүү адамдарынан болгон Франсуа Карнавале жана атактуу философ Аристотелди которгон епископ Жак Амио билим берип, мыкты тарбиялаган. Генрих жогорку деңгээлде билимдүү, акылдуу жана көп кырдуу болгон: ал италия тилин мыкты билген (аны менен энеси Екатерина Медичи менен көбүнчө ушул тилде сүйлөшкөн), Макиавеллини түп нускадан окуган, риторикадан сабак алган, кылыч кармоодо жана бийде чебер эле. Анын сүйлөө жөндөмү, сылык жүрүм-туруму жана көрктүүлүгү көпчүлүктүн суктануусун жараткан.

Бирок анын жеке стили француз сарайынын салттарынан кескин айырмаланган. Ал Польшага барганда, жергиликтүү эл аны көрүп чындап эле маданий шок алган. Венеция элчиси Морисони 1573-жылы аны “жаркылдаган аял сыяктуу кийинет, кымбат таштар менен кооздолгон сөйкө тагынат” деп сүрөттөгөн.
Генрихтин эки кулагында асыл таштуу сөйкө болгону, алтын жана жибектен кийим кийгени эл арасында анын жыныстык ориентациясы тууралуу ушактарды жараткан — аны шылдыңдап “Содом ханзаадасы” деп аташкан.
Жаштыгында ал протестант динине кызыгып, өзүн “кичинекей протестант” деп атаган жана карындашы Маргаританы да жаңы ишенимге тартууга аракет кылган. Бирок энеси Екатерина Медичи Генрихти балдарынын ичинен эң жакшы көргөнү мындай аракеттерге тыюу салып, уулун католик дининде тарбиялап, аны католик падыша болууга даярдаган. Ошентсе да, бул жагдай анын агасы, падыша Карл IX менен болгон мамилесин суута түшкөн, анткени Карл ага атаандаш катары караган.

Екатерина уулу үчүн “кайсы бир падышалык таажыны” табууну максат кылган. 1572-жылы Польшадагы Ягеллон династиясынын акыркы падышасы Сигизмунд II Август каза болгондо, Генрих Польша тактысына талапкер катары көрсөтүлгөн.
Бирок ошол эле жылы болгон Варфоломей түнүндөгү кыргын поляктарды катуу жийиркентип, Генрихке каршы маанай жараткан. Француз дипломатиясы көп күч жумшап, анын бул кыргынга катышы жок экенине поляктарды ишендирүүгө аргасыз болгон.
1573-жылдын май айында Генрих шайлоодо жеңишке жеткен, бирок чоң уступкалардын эсебинен.
Анын өкүлдөрү “Генриховские артикулдарга” (поляк шляхтасынын укуктарын жана падышаны шайлоо эрежесин кепилдеген документ) ант берип, ошондой эле Pacta Conventa деген келишимге кол коюшкан ага ылайык, падыша Польшанын карыздарын төлөөгө, поляк жаштарын Францияда окутууга жана флот курууга милдеттенген.
1574-жылдын 21-февралында Вавель соборундагы коронация учурунда протестанттардын лидери Ян Фирлей Генрихти документтерге кол коюуга мажбурлап: “Падыша, ант бер, сен убада кылгансың!” — деп кыйкырган. Генрих баарына макул болууга аргасыз болгон.


Бирок анын Польшадагы кыска падышалыгы эки тарап үчүн тең нааразычылык жараткан. Поляктар Генрихтин “аял сымал кийимин” жана мамлекет иштерине көңүл бурбаганын шылдыңдашкан. Генрих болсо поляк тилин билбегендиктен жана сарайдагы каада-салтты жактырбагандыктан, өзүн бөтөн сезген. Ал түнү менен кумар оюндарына жана майрамдарга берилген.
1574-жылдын 14-июнунда Генрих агасы Карл IX каза болгону жана Франциянын тактысы бош калганын уккан. Ал дароо Парижге кайтууну чечти.
19-июнга караган түнү ал жашыруун түрдө Вавель сарайынан качып чыгып, Францияга жөнөгөн. Польшанын сенаты анын артынан кууп жөнөгөн, бирок Генрих чек арада акча берип, кутулуп кеткен.

Польша ага 1575-жылдын июнуна чейин кайтып келүүгө убакыт берген, бирок ал кайрылбагандыктан, Польша тактысынан расмий ажыратылган.
Генрих III Францияга кайтып келгенде, өлкө Диний согуштардын жаңы толкунуна чырмалып турган.
1575-жылдын 11-февралында ал падыша катары таажы кийип, эки күндөн кийин Луиза Лотарингскаяга үйлөнгөн.
Акча жетишсиз болгондуктан, ал гугенотторго дин эркиндигин берип, убактылуу тынчтык орнотууга аракет кылган. Бирок бул чечим Католиктик лиганын (жетекчиси — Генрих де Гиз) катуу нааразылыгын жараткан.

1584-жылы падышанын иниси, Франсуа Анжуй герцогу, каза болгон. Генрихтин баласы жок болгондуктан, мыйзам боюнча мураскер гугеноттордун лидери Генрих Наваррский болуп калган. Бул жагдай Католиктик лига үчүн таптакыр кабыл алынгыс эле. Лига Испания падышасы Филипп IIден акча жана аскердик колдоо алган.
1585-жылы үч Генрихтин согушу (Генрих III, Генрих Наваррский жана Генрих де Гиз) башталган.
1588-жылы май айында Парижде Лига көтөрүлүш уюштуруп, эл падышага каршы чыкты. Генрих III шаардан качууга мажбур болуп, ал эми Генрих де Гиз Парижге триумф менен кирип, “элдин куткаруучусу” катары даңкталган.
Генрих III, саясий айласы түгөнгөндө, атаандашын жок кылуу чечимин кабыл алган.
1588-жылдын 23-декабрында Блуа сарайында өткөн жыйында Генрих де Гиз королдук гвардия тарабынан өлтүрүлгөн. Кийинки күнү анын бир тууганы, кардинал Людовик де Лотарингия, да камалып өлтүрүлгөн.


Бул окуя католиктерди падышага каршы бурган, ал эми Папа Сикст V Генрих IIIни чиркөөдөн чыгарып салган.
Король мажбур болуп, мурдагы душманы Генрих Наваррский менен союз түзгөн. Экөө чогуу Парижди курчоого алышкан.
Бирок 1589-жылдын 1-августунда Сен-Клу шаарында Жак Клеман аттуу доминикан монахы, Лигага берилген фанат, падышага кирүүгө уруксат алып, ага документтерди тапшырып жаткан түр көрсөтүп, кинжалды падышанын ичине сайган.

Жарадар падыша алгач аман калат деп ойлонушкан, бирок абалы начарлап кеткен.
Ал акыркы сааттарында Генрих Наваррскийди өзүнүн мыйзамдуу мураскери катары жарыялап, 1589-жылдын 2-августунда таңга жуук көз жумган.
Генрих IIIнин өлүмү менен Валуа династиясы түгөнгөн. Анын мураскери Генрих IV, Бурбон династиясынын биринчи падышасы болгон.
Кызыктуу факт: Генрих IIIнин сөөгү дароо Сен-Дени базиликасына коюлган эмес. Себеби астрологдор Генрих IVкө: “Эгер ал мурунку падышанын сөөгүн көчүрсө, бир жуманын ичинде өзү өлөт” деп айтышкан. Чынында эле, 1610-жылы, Генрих IIIнин сөөгү Сен-Дениге расмий көчүрүлгөндөн көп өтпөй, Генрих IV өзү да өлтүрүлгөн.



