
Генрих II 1519-жылы төрөлүп, төрөлгөндө эле Орлеан герцогу наамын алган. Балалык чагында, 1526–1529-жылдары, ал агасы менен чогуу Испания падышасы жана Ыйык Рим императору Карл Vнин сарайында туткун (аманат) катары болгон. Бул анын атасы Франциск I кол койгон Мадрид келишиминин шарттарын аткаруу максатында болгон.

1533-жылы Генрих Екатерина Медичига үйлөнгөн. Бул никеден 10 бала төрөлгөн, бирок алардын никеси бакубат болгон эмес. Генрих сарайдагы айым Диана де Пуатьеге катуу ашык болгон. Ал Генрихтен кыйла улуу болсо да, дээрлик 25 жыл бою анын үстүнөн зор таасирге ээ болуп турган.

1536-жылы агасы каза болгондон кийин Генрих дофин жана падышалык тактын мураскери болуп калды. 1542-жылы ал Перпиньян шаарын курчаган француз армиясынын башчылыгын колго алган.
Атасы Франциск I каза болгондон кийин, Генрих II анын саясатын уланткан.
Ички саясатта ал протестантизмге каршы күрөштү күчөтүп, Францияда бул кыймыл кеңейип баратканына жооп катары «от жана кылыч менен» иш алып барган.
Сырттан болсо, ал Англия менен болгон согушту аяктап, 1550-жылы Булонь шаарын Францияга кайтарып алган. Генрих Генералдык штаттарды чакырууну токтотуп, абсолюттук бийликти чыңдаган. Генрих II жана Габсбургдар менен атаандаштык
Генрих II Габсбургдар менен атаандаштыкты уланткан. 1548-жылдан баштап анын Карл V менен кастыгы ачык мүнөз алган. Ал немец протестанттары менен союз түзүп, күтүүсүздөн Лотарингияга кол салып, Туль, Верден жана Мец шаарларын басып алган.
Мец шаарын Карл Vнин курчоосуна карабастан, аны герцог Гиз ийгиликтүү коргоп калган.
1554-жылы француз аскерлери Артуа жана Геннегау аймактарын кыйратып кетишкен.
1552-жылдан тартып Генрих Италияда да согуш жүргүзгөн. Анын маршалы Бриссак Пьемонт аймагында ийгиликке жеткен, бирок франко-турк флотунун Неаполду басып алуу аракети ийгиликсиз болгон.
1556-жылы беш жылдык тынчтык келишими түзүлгөн, бирок бир жылдан кийин Папа Павел IVнүн чакыруусу менен герцог Гиз Италияга Неаполду басып алуу үчүн жортуулга чыккан бирок бул толук жеңилүү менен аяктаган.
Эң ийгиликсиз жортуулдар Нидерланд чек арасында болгон.
Коннетабль Монморанси Сен-Кантен шаарын коргоого шашып барып, оор жеңилүүгө учурап, француз ак сөөктөрүнүн эң мыктылары туткунга түшкөн.
Ошентсе да 1558-жылы герцог Гиз англиялыктардан Кале портун жана Тионвиль чебин тартып алган.

Бирок көп өтпөй Гравелинген салгылашында Франция кайра жеңилген. Мунун натыйжасында Генрих II 1559-жылы Като-Камбрези тынчтык келишимине кол коюуга мажбур болгон.
Бул келишим боюнча Франция Пьемонттон баш тарткан, бирок Кале өз колунда калган.


Келишимдин өзгөчө беренеси Генрихти евангелик чиркөөнү (протестанттарды) куугунтуктоого милдеттендирген.
Мындан тышкары, тынчтыкты бекемдөө максатында Генрих өзүнүн улуу кызын Испания падышасы Филипп IIге күйөөгө берген.
1559-жылдын жайында, кызынын тою жана Като-Камбрези келишиминин урматына, Парижде чоң рыцардык турнир уюштурулган.

29 же 30-июнда Генрих турнирде граф Монтгомери менен беттешкен. Салгылаш учурунда графтын найзасы падышанын соотуна тийип сынып, анын сыныгы Генрихтин башына жана көзүнө сайылган себеби ошол маалда анын шлеминин забралы ачылып калган эле.
Он күндөн кийин, 1559-жылдын 10-июлунда, эң мыкты дарыгерлердин (анын ичинде Амбруаз Паре жана Андреас Везалийдин) аракетине карабастан, падыша жараатынан улам көз жумган.
Өлүм алдында Генрих өзүнүн сүйүктүүсү Диана де Пуатье менен коштошууга уруксат сураган, бирок ага жол берилген эмес.
Генрих IIнин трагедиялуу өлүмү анын башкаруусун күтүүсүз токтотуп, Франция тарыхындагы эң драмалуу учурлардын бири болгон. Анын өлүмүнөн кийин өлкөдө Религиялык согуштардын доору башталган.



