
Биринчи опиумдук согуштан кийин Цин династиясынын манжур императорлорунун бийлиги кыйла алсырады. 1851-жылы Кытайда Тайпиндер көтөрүлүшү башталып, өкмөт үчүн олуттуу сыноо болгон. Алгач Улуу Британия, Франция жана АКШ нейтралдуу позиция кармашкан, бирок абалды кунт коюп көзөмөлдөп турушкан.
1850-жылы манжур тактысына жаңы император Сяньфэн отуруп, европалыктарга болгон саясатты өзгөрттү. Ал кытай-христиандарды куугунтуктап, мурдагы соода келишимдерин бузуу аракеттерин баштады. Өзгөчө чыңалуу Кантондо (Гуанчжоуда) пайда болду жергиликтүү чиновниктер европалыктардын соода факторияларын кеңейтүүгө тоскоолдук кылып, аларга шаарга кирүүгө тыюу салышкан.

Европалык державалар Кытайдын алсызданып баратканын көрүп, биргелешип келишимдерди кайра карап чыгуу талабын коюшкан. Алар «эркин сооданын» укугун, Пекинге элчилерди кабыл алуу укугун жана опиум соодасын мыйзамдаштырууну талап кылышкан. Кытай өкмөтү бул талаптарды четке каккан, бирок ачык согуш дароо башталган эмес анткени ошол маалда Британия Россия жана Персия менен согушуп жаткан.
1856-жылы эки окуя согуштун түздөн-түз себеби болуп калды. Биринчиси Гуанси провинциясында француз миссионери Огюст Шапделендин камакка алынып, кыйноо менен өлтүрүлүшү, бул мурунку келишимдердин бирин бузган. Экинчиси 1856-жылдын 8-октябрында Жемчужина дарыясында англиялык «Эрроу» аттуу кеме кармалып, анын экипажы контрабанда жана каракчылыкка шектелген. Кытай аскерлери кеменин командасын камап, британ желегин түшүрүп салышкан.

Кантондогу британ консулу Гарри Паркс экипажды дароо бошотуу жана желекке урматсыз мамиле үчүн кечирим суроону талап кылган. Бирок кытай наместниги Е Минчэнь баш ийбей койгон. Ультиматумдан кийин ал 12 деңизчини бошоткону менен, жазуу жүзүндө кечирим суроодон баш тарткан. Муну Гонконг губернатору Жон Бауринг кордук катары кабыл алып, адмирал Майкл Сеймурга Жемчужина дарыясындагы фортторду басып алууну буйруган. Бул операция 1856-жылдын октябрында ишке ашкан.
Көп өтпөй Британияга Франция да кошулду алар миссионер Шапделендин өлүмүн расмий шылтоо катары колдонушкан. 1857-жылдын аягында Британия менен Франциянын бириккен аскер күчтөрү Кантонго чабуул жасады. Эки күнгө созулган катуу бомбалоодон жана штурмдан кийин шаар басылып алынды. Кытай аскерлери дээрлик каршылык көрсөтө алган жок, жана европалык күчтөр опурталсыз эле негизги позицияларды ээлешти.


Кантон алынгандан кийин союздаштар сүйлөшүүгө үмүттөнүшкөн, бирок Кытай өкмөтү убакыт утуп, жооп бербей койду. Ошондо англо-француз командачылыгы согушту түндүккө көчүрүүнү чечти. 1858-жылдын май айында алар Дагу фортторун басып алып, Байхэ дарыясы аркылуу өйдө жылып, Тяньцзинь шаарын ээлешти — бул шаар Пекинге карай негизги жол болгон.
Кытай өкмөтү оор абалда калгандыктан, Тяньцзинь келишимдерин түзүүгө аргасыз болду. Бул келишимдерге ылайык, европалыктар үчүн алты жаңы порт ачылды, миссионерлерге өлкө ичинде эркин жүрүүгө уруксат берилди жана Кытай чоң контрибуция төлөөгө милдеттүү болду.

Бирок Кытай өкмөтү бул тыныгууну пайдаланып, Дагу фортторун кайра калыбына келтирди. 1859-жылы келишимди ратификациялоо үчүн келген англиялык жана француз өкүлдөрүнө катуу каршылык көрсөтүлдү. Адмирал Жеймс Хоуп фортторду штурм менен алууга аракет кылды, бирок жоготуулар көп болуп, союздаштар артка чегинүүгө аргасыз болушкан.
Европада коомдук пикир өч алуу талап кылды. 1860-жылы Британия менен Франция мурдагыдан да күчтүү экспедиция жиберишти. Алардын командачылары генерал Жеймс Хоуп Грант (Британия) жана Шарль Кузен-Монтабан (Франция) эле. Август айында союздаштар Бэйтан аймагына түшүп, Дагу фортторун кургактан айланып өтүп, басып алышкан. Андан кийин алар согушсуз эле Тяньцзинди ээлеп, Пекинге карай жылышкан.
21-сентябрда Балицяо көпүрөсү алдындагы салгылашта союздаштар монгол князы Сэнгэринчинин 50 миңдик аскерлерин талкалап, борборго түз жол ачышкан. Император Сяньфэн Пекинден качып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү өзүнүн иниси князь Гунга тапшырган.


Союздаш аскерлер Пекинге кирерден мурун императордук жайкы сарай Юаньминъюаньды (Цин династиясынын асыл казынасы) талап-тоношуп, өрттөп жиберишкен. 1860-жылдын 24–25-октябрында Пекин келишими түзүлүп, согуш расмий аяктаган.

Бул келишимге ылайык: Кытай Улуу Британия менен Францияга чоң контрибуция төлөөгө милдеттүү болду; Тяньцзинь чет элдик соода үчүн ачылды; Британия Цзюлун жарым аралынын түштүк бөлүгүн алды; Опиум соодасы мыйзамдаштырылды.
Экинчи опиумдук согуш Цин империясынын андан ары алсырашына жана талкаланышына жол ачкан окуя болду. Опиумдун кеңири жайылышы элдин массалык деградациясына жана калктын азайышына алып келди. Ошол эле учурда Россия бул кырдаалды пайдаланып, Айгун жана Пекин келишимдерин түзүп, Амурдун сол жээгин жана Уссурий крайын өзүнө кошуп алган.



