
Атасынын көзү өткөнгө чейин келечектеги сасанид шахы Бахрам II Сакастан провинциясын башкарган. Атасы каза болгондо, уламыш боюнча, ал ушунчалык кайгыга баткандыктан, кырк күн бою бийликти кабыл албай, аза күтүүгө кирген. Бирок тарыхчылардын пикиринде, бул кечигүүнүн чыныгы себеби башка болушу мүмкүн эле. Бахрам IIнин бир тууган агасы Нарсе өзүн тактын мыйзамдуу мураскери деп эсептеген, анткени ал жээндеринен улуу болчу.

Бул учурда сарай ичинде бийлик үчүн катуу күрөш жүрүп жаткан. Жаш Бахрам IIнин башкы тарапташы зороастризмдин фанатикалык жана бийликке умтулган башкы дин кызматчысы Картир болгон. Эгер тактыга жетилген жана көз карандысыз Нарсе чыкса, өзүнүн таасирин жоготуп алам деп корккон Картир жана анын дин кызматчылар менен ак сөөктөр арасындагы тарапташтары Бахрам IIни толук колдошкон. Дал алардын аракети менен Бахрам II шах тактысына бекем орношкон, ал эми Нарсе Арменияны башкарууну уланткан.
Ак сөөктөрдүн колдоосуна муктаж болгон жаңы шах чоң жеңилдиктерге барган. Араб тарыхчысы аль-Масудинин жазышынча, Бахрам IIнин тушунда шахиншахтын жакындарына көптөгөн жерлер салыктан бошотуу укугу менен берилген, мунун айынан казына ооп, «эл менен аскерлердин жакырланышына» алып келген.
Бахрам IIнин доору зороастризмдин башкы дин кызматчысы Картирдин мурда болуп көрбөгөн күчкө ээ болушу менен белгиленет. Бул Сасанид Иранынын тарыхындагы өзгөчө көрүнүш эле Картир падышалар сыяктуу эле өзүнүн атынан аска жазууларын жасаткан. «Бахрамдын жан сакчысы» деген наамды алып, ал жаш шахты толугу менен көзөмөлүнө алган.
Өз жазууларында, мисалы, «Зороастрдын Каабасындагы» жазууда, Картир өз аракеттери жөнүндө ачык айтат. Ал башка диндердин өкүлдөрүн зороастризмге өткөрүү иштерин жүргүзүп, аларга каршы ырайымсыз күрөш жүргүзгөн, дин кызматчыларды байытып, жаңы от ибадатканаларын курган. Ал жазуусунда мындай деп мактанган: «Маздаяснийлердин ишеними жана магдар өлкөдө улуу үстөмдүккө жетишти, ал эми динсиздер… жөөттөр, будда дин кызматчылары, брахмандар, назарейлер, христиандар, мандеилер жана зиндиктер (манихейлер) өлкөдө талкаланды, алардын буркандары кыйратылды».


Бахрам IIнин тушунда Манийдин жолун улантуучу пайгамбар Сисиний өлүм жазасына тартылган. Бирок Картир айткандай, башка диндерге каршы массалык куугунтук христиан булактарында кездешпейт. Кээ бир маалыматтарга караганда, Бахрам II өзү христиан окуусуна кызыгып, сирия тилин билген.
Фирдоуси да, араб тарыхчылары да Бахрам IIнин башкаруусу тууралуу майда-чүйдө маалымат калтырбагандыктан, анын доору тыйындар, жазуулар жана ошол доордун рельефтери аркылуу изилденет. Бул мезгилде мамлекеттик пропаганданын мааниси өтө жогорулаган. Бахрам II Сасанид падышаларынын ичинен жалгыз шах, өз тыйындарына аялы Шапурдухтак ханышанын жана мураскери уулунун сүрөттөрүн түшүргөн. Анын туугандарынын таажыларында зороастр кудайларын символдогон мифтик жана чыныгы жаныбарлардын баштары сүрөттөлгөн.
Бахрам II 17 жыл башкаруусунда жыйырмадай түрдүү тыйын жана онго жакын аска рельеф жасаткан бул сандан ашкан башка сасанид өкүмдары болгон эмес. Бул рельефтер өлкөнүн ар кайсы жерлерине жайгаштырылып, мамлекеттик пропаганданын куралы катары кызмат кылган.
Барм-е Дилактагы бир рельефте падыша аялына ирис гүлүн сунуп жатат — бул сасанид искусствосундагы сейрек кездешүүчү сүйүү көрүнүшү. Башка рельефте Бахрам II менен анын вазири урмат-сый иретиндеги ишарат жасашып турат, бул алардын жакын мамилесин көрсөтөт.
Сараб-е Кандилдеги рельефте ханыша күйөөсүнө лотос гүлүн берип жатат, алардын уулу, келечектеги Бахрам III, бийлик шакегин кармап турат.
Накше-Рустамдагы рельефте Бахрам II өзүнүн ата-бабалары — Бахрам I, Шапур I жана Ардашир I менен бирге отурган аудиенция көрүнөт. Анын колун чоң кылычка коюп отурганы анын күчүн жана чечкиндүүлүгүн көрсөтөт.
Сар Мешхеддеги рельефте Бахрам II арстандар менен кармашып, өз үй-бүлөсүн коргоп жатат.
Гаюмдагы рельефте падыша көтөрүлгөн кол менен тургандан көрүнүп, бул анын кудайдын ырайымына ээ экенин символдошу мүмкүн.
Бул эстеликтер Бахрам II жаштыгына карабастан өз бийлигин бекемдөө үчүн искусствону легитимациялоо куралы катары пайдалана билгенин далилдейт.


Б.з. 283-жылы рим императору Кар Месопотамияга жортуул жасаган. Булактар деталдар боюнча айырмаланганы менен, ал Ктесифонго чейин жеткени белгилүү. Бирок күтүлбөгөн жерден Кардын өлүмү (айрымдар оору, башкалар чагылган урду дешет) чабуулду токтоткон. Ушундан кийин Рим менен Ирандын ортосунда «ага-инилик» мамилеси орноп, эки мамлекеттин өкүмдарлары расмий каттарда бири-бирин «ага» деп аташкан. Бул Сасанид империясынын тең укуктуулугун Римдин таанууга аргасыз болгонун билдирет.
Бирок римдиктердин жортуулу маалында Персиянын ичинде да баш аламандык чыккан. 280-жылдардын башында Шапур Iдин небереси Мешандын падышасы көтөрүлүш уюштурган. Бул көтөрүлүш басылган. Андан да чоң козголоң Бахрам IIнин бир тууганы Ормизд тарабынан уюштурулган. Ал кушандар менен союз түзүп, Хорасанда өзүнчө падышалык түзүүгө аракет кылган. Ал тургай «падышалардын падышасы» деген титул менен тыйын чыгарган. Бахрам II бул көтөрүлүштү да басып, жеңишин Накше-Рустамдагы рельефте түбөлөштүрүүнү буйруган. Андан кийин ал уулу Бахрам IIIдү Сакастан шахы кылып дайындаган.

Чыгыштагы көтөрүлүш, балким, 288-жылы Бахрам II жаңы рим императору Диоклетианга белектер жөнөтүп, өзгөчө келишим түзүшүнө себеп болгон. Натыйжада Диоклетиан Римге качып барган Трдат IIIдү Армениянын тактысына кайра отургузган, ал эми Нарсе Армениянын чоң бөлүгүн башкарууну уланткан.
Бахрам IIнин башкаруусу, көпчүлүк булактарга ылайык, 17 жылга созулуп, Ирандын диний жана саясий тарыхында терең из калтырган.



