
1685-жылы англис тактысына мураскорсуз падыша Карл IIнин иниси Жеймс II отурду. Алгач жакында өткөн революциядан чарчаган коом аны кабыл алган, бирок Жеймс ачык католик катары протестанттардын көпчүлүгүнүн нааразычылыгын бат эле жараткан саясатты жүргүзө баштады.

Падыша көтөрүлүштөн коркуп, Ирландиянын католиктеринен туруктуу аскер түздү. Ал парламентти таркатып, «диний сабырдуулук» саясатын активдүү илгерилетти, бирок бул саясат, чынында, католикчиликтин позицияларын гана бекемдөөгө багытталган эле. Өлкөгө католик монастырдык тартиптер кайра кайтып келе баштады, ал эми Жеймс Мамлекеттик купуя кеңешке жана сотторго чейин бардык маанилүү кызматтарга католиктерди дайындады.
Айрыкча 1685-жылы Францияда Нант эдиктинin жокко чыгарылышынан кийин протестанттарга куугунтук күчөгөнү жөнүндөгү кабарлар англикан чөйрөлөрүн тынчсыздантты. Коом католик реставрациясынан кооптонуп, падышанын табигый таянычы болгон торилерди да андан алыстатты.
Жеймстин каршылаштары анын өлүмүнөн кийин такты протестант болгон улуу кызы Марияга Вильгельм Оранскийдин жубайына өтөт деп үмүттөнүшчү. Бирок 1688-жылы 55 жаштагы Жеймстин уулу төрөлдү. Бул окуя чоң шок жаратты жана буга чейинки он кош бойлуу болуу ийгиликсиз аяктаганын эске алганда, «католикче алдамчылык» деген шек күчөдү. Католик мураскердин төрөлүшү акыркы тамчы болду.
Падышага каршы торилер да, вигилер да биригип, Вильгельм Оранскийге кайрылышты. Нидерланддын башкаруучусу Вильгельм Англия армиясы менен флотунун күчөшүнөн, ошондой эле өз өлкөсүнө каршы англо-француз союзу түзүлүшү мүмкүн экенинен кооптонуп турган. 1688-жылдын июнунда жети таасирдүү англис саясатчысы ага жашыруун чакыруу жөнөтүп, көпчүлүк англичандар аны колдоорун билдиришти.
1688-жылдын ноябрында Вильгельм Англиянын түштүк-батышындагы Торбейге 40 миңдик аскер менен түшүп келди. Анын туусунда: «Мен протестантизмди жана Англиянын эркиндиктерин коргойм» деген сөздөр жазылган эле. Өлкө боюнча буржуазия, протестант дин кызматкерлери жана аристократиянын бир бөлүгү колдогон куралдуу көтөрүлүштөр башталды.
Жеймстин армиясы массалык качкынчылыктан алсырап, Солсбери аймагында топтолду. Бирок ири салгылашуулар болгон жок. Генерал Джон Черчилл жана колбашчылардын көбү Вильгельм тарапка өтүп кетишти. Падышанын кичүү кызы Анна да атасын таштап кеткен.
Баары таштап кеткен Жеймс Лондонго кайтып келип, Францияга качууга аракет кылды. Алгачкы аракети ишке ашпай калгандан кийин, Вильгельм анынын «шаһитке» айланып кетишин каалабай, өлкөдөн акырындап чыгып кетишине шарт түздү.


1689-жылдын январында парламент Вильгельм менен анын жубайы Марияны Англия жана Шотландиянын тең укуктуу монархтары деп жарыялады. Бул окуялар тарыхка Даңктуу революция деген ат менен кирди. «Даңктуу» деп аталганы 1640-жылдардагы революциядан айырмаланып, дээрлик кан төгүүсүз, ири салгылашууларсыз өткөндүгүнөн.

Вильгельм IIIнин башкаруусу учурунда Улуу Британиянын азыркы саясий-экономикалык системасынын пайдубалын түзгөн терең реформалар жүргүзүлдү.
Конституциялык монархия. «Укуктар жөнүндөгү билль» (Bill of Rights) монархтын бийлигин кескин чектеп, парламенттин үстөмдүгүн бекитти. Мунун менен абсолюттук монархияга чек коюлуп, бүгүнгө чейин жашап келген конституциялык монархия орноду.
Мүлк укуктарын коргоо. Революция коомдун кеңири катмарларынын менчик укуктарын коргоп, бул көптөгөн тарыхчылардын пикиринде Англиянын Өнөр жай революциясынын башталышына жана экономикалык өсүшүнө өбөлгө болду.
Диний сабырдуулук. «Диний толеранттуулук жөнүндө акт» (Toleration Act) кабыл алынып, протестанттык азчылыктарга карата дискриминация азайды. Ошентсе да католиктерге болгон чектөөлөр сакталып, айрым жагынан күчөдү: аларга тактыга отурууга тыюу салынды.
Дүйнөлүк үстөмдүккө жол. Даңктуу революциядан кийин Англия тез көтөрүлүү доорун баштап, XVIII–XIX кылымдарда кубаттуу дүйнөлүк державалардын бирине айланды.



