
1241-жылы “Батыш жортуулунун” алкагында байыркы рус княздыктары талкалангандан кийин, монголдор Чыгыш Европанын падышалыктарынын чек арасына жакындашты. Ал кезде Европадагы эң кубаттуу мамлекет Ыйык Рим империясы деп эсептелчү, бирок монгол чалгынчылары бул мамлекет чынында борборлошкон бийликке ээ болбогон, жарым-жартылай көз каранды королдуктардын бирикмеси гана экенин аныкташкан. Муну түшүнгөн монгол кол башчылары — Субэдэй менен Батый хан — негизги күчтөрдү Польшанын жана Венгриянын падышалыктарына багыттоону чечишти.
Чындап эле, ошол учурда Чыгыш Европада эң күчтүү мамлекет — Венгрия падышалыгы болчу, аны падыша Бела IV башкара турган. Монголдордун жакындап келатканын уккан падыша Бела чек араларды бекемдөөгө аракет кылып, коргонууга даярдык көрө баштаган. Бирок Венгриянын армиясы бул аймактагы эң күчтүү аскердик күч болгондуктан, монгол башчылары өздөрүнүн негизги күчүн дал ушул өлкөгө топтоону чечишкен.
60 миң адамдан турган армия үч бөлүккө бөлүнгөн. Биринчи бөлүк — Чагатайдын улук баласы Байдар менен Батыйдын агасы Орда-Эжен жетектеген күчтөр Польшага багыт алган. Алардын милдети — жергиликтүү княздарды талкалап, андан соң Венгрияга кирүү болгон. Экинчи бөлүк — Өгөдэйдин баласы Кадан менен Чагатайдын небереси Буринин жетекчилигиндеги кошуун Молдованы аралап, Трансильвания аркылуу Венгрияга өтмөкчү болгон. Ал эми негизги армия Батый менен Субэдэйдин жетекчилиги алдында түз эле Венгриянын борбордук аймагына бет алган. Кыскача эс алуудан кийин, монгол аскерлери кайрадан жортуулун улантып, Европанын королдуктарын каптап, каршылыктарды жок кылуу жана батышты багынтуу максатын көздөшкөн.

Монголдор Польшага киргенден кийин өлкөнүн чыгышындагы Люблин, Завихост жана Сандомир сыяктуу маанилүү шаарларды дээрлик каршылыксыз басып алышкан. Сандомир алынгандан кийин, монгол армиясы экиге бөлүнөт: Орда-Эжендин кошууну түндүккө, Байдардын кошууну түштүк-батыш тарапка, Польша падышалыгынын борбору Краков шаарына жөнөйт. Краковго жетүүдөн мурун, монголдор Хмельник деген жердеги салгылашууда поляк аскерлерине сокку урушуп, андан соң шаарды ээлеп алышат. Бирок алар шаарда көпкө кармалышкан эмес — Краковду өрттөп, Вроцлавга багыт алышат.
Вроцлавга жеткен монголдор шаардын курчоосун башташат, бирок кыска убакыттан кийин курчоону токтотуп, Легницада Польшанын эң күчтүү княздарынын бири Генрих II Благочестивый армия топтоп жатканы жана ага Чехия падышасы Вацлав I чоң аскер менен жардамга келатканы тууралуу маалымат алышат. Байдар Орда-Эжен менен кошулуп, Легницага карай бет алат жана Богемия падышасы келгенден бир күн мурун жетип барат.
Поляк армиясы батыш-поляк княздыктарынын рыцарларынан, ошондой эле француз тамплиерлеринен жана тевтон рыцарларынан туруп, жалпы саны 10 миңге жеткен. Монгол армиясы 7–8 миңдей эле болгон. Салгылашууда монголдор айлакерлик колдонушат: согуш талаасында бир киши пайда болуп, полякча "Качкыла!" деп кыйкырып, армияны дүрбөлөңгө салат. Алгач бөлөк отряддар качып баштап, кийин бүт армия чачырап кетет.
Генрих II өзү да салгылашууда өлтүрүлөт, ал эми монголдор анын башын кесип, найзага илип Легницанын дубалдарынын жанына алып келишет.

Андан кийин Байдардын корпусу түштүккө — Венгрия тарапка багыт алат. Жолдо алар Моравияны (азыркы Чехия) талап-тоноп кетишет.
1241-жылдын 12-мартында монголдордун негизги армиясы Батыйдын жетекчилигинде Карпат тоолорундагы «Орус дарбазасынан» өтүп, Венгрия аймагына кирет. 15-мартта эле алардын алдыңкы отряддары Пешт шаарына жетип келет. Ошол маалда падыша Бела IV көп сандаган аскер топтогон, сандар боюнча Батыйдын армиясынан бир топ көп болчу. Өзүнүн кеңешчилеринин кысымынан улам, Бела IV монголдорго каршы күрөшүү чечимин кабыл алат.
Бул Батый үчүн биринчи жолу санда көп душман менен бет келишүү болчу. Монголдор ачык согушка баргандан качып, убактылуу артка чегинишет. Бирок алар өз армиясынын калган бөлүгүн күтүү менен чечүүчү салгылашуу үчүн даярдык көрүшөт.
1241-жылдын 11-апрелинде Шайо дарыясынын жээгинде атактуу салгылашуу болот. Монголдор венгр лагерин курчап, жебелер жана катапульталар менен атышат. Курчоонун жүрүшүндө алар атайылап коргонууда бир боштук калтырышат. Венгрия аскерлери бул боштукту көрүп, качууга мүмкүнчүлүк катары кабыл алышат. Бирок алар ошол багытка бет алганда, монголдор алардын үстүнө жебелерди жаадырып, андан соң качкандарды кууп, кырып салышат. Бул кууп жетүү бир нече күнгө созулат, натыйжада Венгрия армиясы толугу менен жок кылынат.
Андан кийин монголдор Пешт шаарына кирип, аны талап-тоноп жок кылышат. Падыша Бела IV болсо качып кутулуп, Австрияга баш калкалаган.
Венгрияны талкалагандан кийин, монголдор алты айдай ошол жерде болуп, өлкөнү талап-тоноп жүрүшөт. Бирок алар Дунай дарыясынан өтө албай, андан ары Борбордук Европага кире алышпайт. Бул аралыкта алар Венгрияда өзүнүн администрациясын түзүп, монета да чыгарган. Батыйдын максаты — Венгрияны өзүнүн улусунун борбору кылып, Европада таяныч базасын түзүү болчу.
1241-жылдын декабрында катуу кыш келип, Дунай дарыясы тоңот. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, монголдор дарыядан өтүп, Венгриянын борбору Эстергомду басып алышат. Ошол эле маалда Кадан Молдавиядан кайтып келип, Буданы ээлейт. Кийин ал Далмацияга (азыркы Хорватия) багыт алат. Жолдо Загребди басып алып өрттөп, түштүккө карай жүрө берет. Анын негизги максаты — падыша Бела IVти кармоо болчу. Бирок Бела IV кайрадан качып, Сербия менен Болгария тарапка кирип кетет.
Батый жетектеген негизги күчтөр Ыйык Рим империясына кол салууга даярданышат. Анын чалгын отряддары Вена шаарынын четине жетип, айланасындагы айыл-кыштактарды талап-тоноп башташат. Бирок 1242-жылдын мартында Батый күтүүсүз кабар алат: алыс Монголиядан чабарман келип, Угэдэй хан өлгөнүн кабарлайт. Чыңгыз хандын “Яса” мыйзамдарына ылайык, бардык Чыңгызиддер жаңы ханды шайлоо курултайына катышууга милдеттүү болчу.
Ошондуктан Батый жортуулун токтотуп, Каракорумдагы курултайга жөнөп кетүүгө аргасыз болот. Жолдо ал дагы Валахияны (азыркы Румыния) жана Болгарияны талап-тоноп кетет. Бирок андан аркы Европага жортуул мүмкүн болбой калат. Натыйжада, монголдор Европага мынчалык масштабдуу жортуулду эч качан кайталай алышкан эмес жана алардын армиясы "акыркы деңизге" чейин жеткен жок.



